Өзбекстанда электрондук тамекиге толугу менен тыюу салынды  

Өзбекстан парламенти (Олий Мажлис) электрондук тамекилерди, алар үчүн колдонгон атайын суюктуктарды өндүрүүгө, сатууга, импорттоого, экспорттоого толук тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу 30-апрелде Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзамдын алкагында жоопкерчилик чаралары каралган. Эми мындай продукцияны мыйзамсыз жүгүрткөндөргө кылмыш иши козголот. Ошол эле учурда тыюу салынган буюмдарды өз ыктыяры менен тапшырып, күнөөсүн моюнуна алгандар жоопкерчиликтен бошотулары айтылат.

Мындай тыюу салуунун киргизилиши никотинди жана электрондук тамекилер үчүн колдонулган суюктуктарды өлкөгө мыйзамсыз ташып келүүнүн көбөйүшү менен түшүндүрүлгөн. Эл өкүлдөрү "мындай чечимди калктын өмүрүн, ден соолугун сактап, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алып жатабыз" деп билдиришкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда электрондук тамекиге тыюу салган мыйзамга 2024-жылы ноябрда кол коюлган. Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунда күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан