"Оор жашоону көргөнбүз". Актёр Актан Рыскелдиевге жубайы унаа белек кылды (видео)

Актёр Актан Рыскелдиевге жубайы автоунаа белек кылды. Бул тууралуу жубайлар Инстаграм баракчасында жарыялашты.

"Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын. Белектер ортоңордогу сүйүүнү күчөтөт, андыктан бири-бириңерди сүйүү жана ортоңордогу байланышты чыңдоо үчүн белек тартуулоого аракет кылгыла", - деп билдирүү калтырган жубайы.

Ал эми Актан Рыскелдиев куттуктагандардын баарына ыраазычылык билдирип, "убагында өтө оор жашоону көргөн үй-бүлөбүз, ар бир жетишкендик биз үчүн чоң майрам" деген.

Белгилей кетсек, жубайлар 2014-жылдын сентябрь айында баш кошушкан. Учурда 3 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

Актёр Актан Рыскелдиевге жубайы унаа белек кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан