Бүгүн Эмгекчилердин эл аралык майрамы. Анын жаралуу тарыхы 

Бүгүн, 1-май өлкөдө эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү белгиленет. Бул күн Кыргызстанда майрам күнү деп саналып, иш күнү эмес. SUPER.KG порталы аталган майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу маалымат топтоду.

Бул майрамдын келип чыгуу тарыхы

Америкалык жумушчулар 1886-жылдын 1-май күнү 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабы менен акцияга чыгышкан. Аталган иш-чара полиция тарабынан күч менен басылып, кан төгүлгөн. Ал эми 1889-жылы Париж конгрессинде Чикаго жумушчуларын эскерүү максатында ар жылдын 1-май күнү демонстрация уюштуруу чечими кабыл алынган. Эмгекчилердин эл аралык биримдик күнү биринчи жолу 1890-жылы Австро-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Франция, Швеция жана башка өлкөлөрдө белгиленген. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө белгиленип келет.

Совет мезгилинде 1-май эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын жаралуу тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келген. Эмгек майрамында союздук мамлекеттерде жөө жүрүштөр өтүп, ыр-бий, ар түрдүү иш-чаралар менен коштолуп белгиленген.

Кыргызстанда биринчи жолу Эмгек майрамы 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаар тургундары чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен паркына келип, андагы Боордоштор көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Эмгек менен байланышкан майрам учурда көпчүлүк өлкөлөрдө ар башка ат менен белгиленет. Кыргызстан, Беларусь, Украина, Кытай, Пакистан, Шри-Ланкада Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү деп майрамдалат. Ал эми Орусия менен Тажикстанда Жаздын жана эмгектин майрамы, Казакстанда болсо бул күн Элдин биримдиги майрамы катары майрамдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан