АКШ менен Украина жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигине шилтеме берүү менен Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
"АКШ менен Украина 30-апрелде биргелешкен инвестиция жана реконструкция фондун түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул Украинанын коргоонуусуна америка элинин көрсөткөн олуттуу каржылык жана материалдык жардамынын белгиси болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, келишимдин алкагында эки тараптуу инвестициялык фонд түзүлүп, анын каражаты Украинаны калыбына келтирүүгө жумшалышы күтүлүүдө.
Ал эми Украинанын вице-премьер-министри Юлия Свириденко Вашингтон менен Киевдун укугу ресурстар боюнча келишимде тең каралганын жана инвестициялык фонддун кирешеси он жылга чейин бөлүнбөй турганын билдирген.