Ош шаарынын Волгоград көчөсүндө жайгашкан "Фирдаус" мечити жылдырылып, жаңыдан курулат. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейдге чыккан. Рейддин алкагында мэр Волгоград көчөсүндө жайгашкан “Фирдаус” мечитинде багымдат намазын окуп, жергиликтүү аксакалдар менен мечитти башка жакка жылдыруу, мечит жайгашкан жердеги жолду бошотуу маселесин сүйлөшкөн.
Андан соң шаар башчысы шаардын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан жумуштарды жеринен көрүп чыгып, ишти сапаттуу, ошол эле учурда өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын берди.