Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, опузалап пара талап кылуу боюнча ИИМге арыз түшкөн. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 30-апрелде тергөөчү акча алып жаткан жеринен кармалды.
"УКМКнын жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, Свердлов РИИБинин тергөөчүсү акча алып жаткан учурда кармалды", - деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.