Бүгүн, 1-май майрамына карата мамлекеттик "Ала-Арча" сейил багына кирүү акысыз болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бир күн майрамга карата аталган сейил бакка кирүү акысыз болот. Ошондой эле Туманбаев мындан кийин "Ала-Арчага" кирүүдө төлөм толугу менен QR-код жана банктык карта аркылуу жүргүзүлөрүн кошумчалады.
"Мейманканаларда акылдуу кулпулар коюлуп, кирип-чыккан коноктор автоматтык түрдө эсептелет. Мурдагыдай жетекчилер же кызматкерлер тааныштарын "бекер жаткыруучу" учур артта калды. "Ала-Арча" санариптешкен, экологиялык талаптарга жооп берген, эл үчүн ыңгайлуу жаңы коомдук мейкиндикке айланып баратат. Бул башталышы гана, биз жолубузду улантабыз", - деп жазды Туманбаев.