Бишкекте бүгүндөн тарта фонтандар иштей баштады 

Бүгүн, 1-майдан тарта Бишкек шаарындагы фонтандар иштеп баштады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардагы 17 фонтанды "Тазалык" муниципалдык ишканасы ишке киргизген. Бардык фонтандарды аталган ишкана тейлеп, жарым-жартылай техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.

Ал эми андагы суу күн сайын саат 09:00дөн 21:00гө чейин иштетилип, техникалык тыныгуу саат 13:00дөн 16:00гө чейин болот.

"Фонтандар Бишкек шаарына жандуу атмосфера тартуулайт. Бардык шаар тургундарын жаз мезгилинде шаардын кооз жерлерин көрүүгө чакырабыз", - деп билдирет мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан