Кытай COVID-19 пандемиясы тууралуу сенсациялык билдирүү жасады

Бүткүл дүйнөнүн үшүн алган коронавирус оорусу Кытайдын Ухань шаарынан мурун АКШда пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин маалыматтык кеңсеси жарыялаган Ак китепте айтылат.

Жарыяланган документте "COVID-19 Кошмо Штаттарда пайда болушу мүмкүн деген олуттуу далилдер бар" деген пункт бар.

"Кошмо Штаттар вирустун келип чыгышын кылдат жана терең иликтөөгө алышы керек. Америка эл аралык коомчулуктун мыйзамдуу тынчсыздануусуна жана дүйнөгө жооп бериши зарыл", - деп айтылат анда.

Китепте ошондой эле ооруну изилдөө АКШнын тогуз штатында болгону жазылган.

"АКШнын CDC изилдөөсү 2019-жылдын 13-декабрынан 2020-жылдын 17-январына чейин тогуз штатта чогултулган 7 389 үлгүнүн 106сында вирус аныкталган. Демек, изилдөө коронавирус АКШда биринчи расмий учур аныкталганга чейин эле бар экенин көрсөтүп турат", - деп айтылат документте.

Кытай өкмөтү АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна оорунун алгачкы белгилери тууралуу алдын ала маалымат бербегенин билдирди.

"Кошмо Штаттар күнөөлөөнү жана жоопкерчиликтен качууну, ички оорулары үчүн тышкы шылтоолорду издөөнү токтотушу керек. Ошондой эле алар коомдук саламаттыкты сактоо саясатын чын жүрөктөн ойлонушу зарыл", - деген Кытай өкмөтүндөгү расмий кызматкерлер.

АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары эки жылдык изилдөөдөн кийин коронавирустун чыгышынын булагы Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктары базары экенин далилдешкен. Бирок, Кытай коронавирустун лабораторияда өндүргөн деген божомолду четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан