Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын катышуучуларынын бири Далержон Мирзоев кылмыш болгон жерден качып баратканда атайылап баланы сүзгөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.
"Курман болгондор көп болушу үчүн жолдон өтүп бара жаткан үй-бүлөнү сүзүүгө аракет кылгам", - деген Мирзоев суракта.
Кырсык 2024-жылдын 22-мартында сегиз жашар бала апасы, атасы жана эжеси менен жолдун жөө адамдар өтүүчү тилкесинен өтүп бара жатканда болгон. Унаа сүзгөндө бала бир нече метрге ыргып кеткен. Ал оор абалда ооруканага түшкөн. Баланы сүзүп кеткен Renault унаасын дал ушул Далержон Мирзоев айдап бара жаткан.