Күн астрономиясы лабораториясы май айында магниттик бороондордун болжолдуу графикасын жарыялады.
Маалыматка ылайык, май айында беш күндүк магниттик бороон болору болжолдонууда. Окумуштуулардын айтымында, магниттик бороондун деңгээли G1 өлчөмүнө жетип, 5, 6, 7, 28 жана 29-май күндөрү катталышы күтүлүүдө.
Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 "өтө күчтүү" магниттик бороон деп бааланса, G1 "алсыз" магниттик бороон деп эсептелинет.
Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон биринчи кезекте өнөкөт жүрөк ооруларынан жапа чеккен адамдардын ден соолугуна таасирин тийгизет. Бул күндөрү алсыздык, эс-учун жоготуу, кан басымынын өзгөрүшү, баш айлануу, баш оору сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Мындай учурда дарыгерлер толук 7-8 саат уктоону сунушташат.