АКШ армиясы Трамптын туулган күнүнө карата аскердик парадга даярдана баштады

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн туулган күнүнө туш келген 14-июнда АКШ армиясынын 250 жылдыгында чоң аскердик парад өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Парадга 6600дөн ашык аскер кызматкери, 150дөн кем эмес техника, 50 тик учак, жети аскердик оркестр жана бир топ жарандардын катышуусу пландалууда.

Бул иш-чара АКШ армиясынын 250 жылдыгын майрамдоонун бир бөлүгү. Трамп туулган күнүнө туш келген бул парадды өткөрүүнү көптөн бери ойлонуп келген.

Документтерде иш-чаранын болжолдуу баасы көрсөтүлгөн эмес, бирок серепчилер чыгымдар он миллиондогон долларга жетиши мүмкүн деп эсептешет.

Трамп бул парадды 2018-жылы өткөрүүнү каалаган. Ошол кезде чыгым 92 миллион доллар деп эсептелген. Бирок белгисиз себептерден улам пландалган парад өткөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан