
Ош шаарынын Волгоград көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында, ушул көчөдө жайгашкан “Фирдаус” мечитин бузуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
"Ошондой эле аталган көчөдө жайгашкан конок үйүнүн жолго чыгып кеткен тарабын бузуп алып салуу боюнча ээлерине эскертүүлөр берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти шаардык мэриядан.
Мындан сырткары, Волгоград көчөсүнүн №2Б дарегинде жайгашкан турак үйдүн ээлеринин макулдугу менен курулушту жылдыруу, жолду бошотуу боюнча иш алып барылууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-майда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейдге чыккан. Рейддин алкагында мэр Волгоград көчөсүндө жайгашкан “Фирдаус” мечитинде багымдат намазын окуп, жергиликтүү аксакалдар менен мечитти башка жакка жылдыруу, мечит жайгашкан жердеги жолду бошотуу маселесин сүйлөшкөн.