Акыйкатчы институту ооруканада жаткан Султанбай Айжигитовдон кабар алды

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери БШК мандатынан ажыраткан депутат Султанбай Айжигитовдон ооруканага барып кабар алышты.
Маалым болгондой, 30-апрелде Айжигитов президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.
"Кечээ, 1-майда ал "Тез жардам" клиникалык ооруканасына кароодон өтүү үчүн жеткирилген.
Институттун кызматкерлери барган учурда дарыгерлер бейтапты текшерип, анын оң колундагы гематома жана оң кашынын үстүндө сыйрылган жери аныкталгандыгы боюнча Стамбул протоколуна ылайык акт түзүшкөн.
Институттун кызматкерлери Султанбай Айжигитов менен баарлашып, денесине кароо жүргүзүштү.
Анын айтымында, 30-апрелде саат 11:00 чамасында аны адвокатынын үйүнүн жанынан күч колдонуп кармап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып кетишкен", - деп жазылат анда.
Ал эми Султанбай Айжигитов өзү: “Андан кийин менин жана аялымдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Ал жакта ден соолугум начарлап, ооруканага жеткирилдим", - деген.
Султанбай Айжигитов кайрадан президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан