Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү жейренди көбөйтүү долбоору менен таанышты (сүрөт)

Бүгүн, 2-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы көлдүн аймагындагы жейрендин популяциясын жана таралган аймагын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Жейрен-Ордо" долбоорунун демилгечилери жана уюштуруучулары "Аргали", "Илбирс" коомдук фонддору жана "Гулистан" дыйкан чарбасы болуп саналат. Анын максаты браконьерликтин жана жаратылыш аймактарынын өзгөрүшүнөн улам тукум курут болуу алдында калган, же таптакыр жок болуп кеткен жейренди өлкөнүн жапайы жаратылышына кайтарып берүү.

"Коруктун уюштуруучулары жейрендер көптөн бери байкалбай калганын айтышты. Бул жерде түрдү калыбына келтирүүнүн бирден-бир жолу – реинтродукция, башкача айтканда, жаныбарларды башка аймактардан алып келүү. "Жейрен-Ордо" долбоорунда жейрендерди жаратылышка коё берүүнүн "жумшак ыкмасы" колдонулат. Долбоор баштапкы этапта жаныбарларды ыңгайлаштыруу жана көбөйтүү үчүн жарым-жартылай эркин шарттарда кармоону, андан кийин аларды мурдагы жашаган жерлеринде жапайы жаратылышка чыгарууну камтыйт", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган жайда 43 баш жейрен багылып, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатканы маалымдалды.

Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баштан чыгарууну пландаштырууда. Браконьерликке каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлсө, долбоор 10 жылдын ичинде аймактагы жейрендердин санын 500гө чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берери маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан