Бишкекте чет элдик жарандар уюштурган онлайн казино аныкталды 

Бишкек шаарындагы турак үйлөрдүн биринде чет элдик жарандар тарабынан уюштурулган онлайн казино аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар ижарага алынган үйдө жашап, коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган "Покер" онлайн казиносун уюштуруп келишкен.
"Тинтүү жүргүзүүдө күчтүү заманбап техникалык түзүлүштөрү менен жабдылган жабдуулар: системдик блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 даана мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер табылды", - деп билдирди ИИМ.
Учурда аталган топтогу адамдардын аракеттеринен Кыргыз Республикасынын жарандарына келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан