Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүүчү парадга даярдыктар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Коргоо министрлиги кабарлады.
Белгиленгендей, машыгуу Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өткөн. Ага Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана өлкөнүн башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан.
Белгилей кетсек, аскердик парад 8-майда Бишкектин борбордук аянтында өтөт.