Аксыда сел жүрдү (видео)

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-майда саат 18:00 чамасында Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

"Сары-Челек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде эки сел сайынан суу 10 турак үйдүн короо жайын каптап өтүп, Баатырбек тилкесинин Сары-Челек – Кербен унаа жолуна кум-шагылдарын агызып келген. Мындан улам унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.

Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1500 метр ички чарбалык жолдун бетин жууп, айрым жерин бузуп кеткен. Жол каттам токтогон эмес. Мындан сырткары 5 турак үйдүн короо-жайын каптап кеткен. Айылдын 3 социалдык мекемесин сел суулары каптаган", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жеринде куткаруучулар иш алып барып жатканын белгиледи. Ошондой эле министрликтин маалыматында буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да көзөмөл жүргүзүп жатканы айтылат.

ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан