Ысык-Көлдө "Run the Silk Road" марафону өтүүдө (сүрөттөр)

Бүгүн, 3-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эл аралык Ысык-Көл "Run the Silk Road" марафону өтүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп, ШКУга кирген мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошуп, жарандарды активдүү жана сергек жашоого үндөй турганын белгилеген.

"Өткөн жылы тармакты каржылоо эки эсеге көбөйүп, 2 миллиард 141 миллион сомду түздү, ал эми 2025-жылга 2 миллиард 445 миллион сом бөлүү пландалууда. Өлкөдө жаңы спорт объектилери, анын ичинде эл аралык футбол ассоциациясынын стандарттарына жооп берген Борбор Азиядагы эң чоң стадион курулууда. Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, 2024-жылы 835 медалды өлкөгө алып келишти" - деген Төрөбаев.

Эл аралык марафонго ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана өлкөнүн жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат. Мындан тышкары марафонго бардык каалоочулар катыша алат. Уюштуруучулардын айтымына караганда, марафонго 4 миңден ашык катышуучу келген.

Марафондун алкагында 42, 21, 10 жана 3 чакырымга жарышуу, ошондой эле 10 чакырымга таяк менен басуу жана балдар арасындагы чуркоо боюнча мелдештер уюштурулат.

Белгилей кетсек, старт Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдон башталып, кайра ошол жерден бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан