Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын ага лейтенанты жарандан ага карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн опузалап акча талап кылган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Буга чейин Ички иштер министрлиги УКМК менен биргеликте 30-апрелде Свердлов РИИБинин тергөөчүсү опузалап пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлаган.