UFC уюмунун атактуу мушкери 17 жаштагы кыздын өлүмү боюнча билдирүү жасады

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, атактуу мушкер Фрэнсис Нганну өзү катышкан жол кырсыгынан каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.

Ал маркумдун үй-бүлөсүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп, алар менен бирге болгонун белгилеген.

"Мен башынан эле маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп, терең кайгыруу менен көңүл айттым. Мен алар менен көзмө-көз жолугушуп, кайгысын тең бөлүшүп, мындан ары да колдоо көрсөтөм. Мен алардын кайгысын жүрөгүмдө алып жүрөм. Алар жүрөк ооруткан жоготууга туш болушту", - деп жазат анын сөзүн TMZ Sports.

Нганну ошондой эле окуя тууралуу толук маалымат бере албасын, анткени тергөө дагы деле уланып жатканын кошумчалаган.

Буга чейин чет элдик басылмалар мушкер Камерундун борбору Яундеде мотоцикл менен 17 жаштагы кызды сүзүп кеткенин жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан