Биробижан шаарында эки аял мышыктын айынан куткаруучуларды бир сааттай күтүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатындагы батирдин ээлери балконго чыкканда мышык эшиктин туткасын бурап, бекитип салган. Алардын жардамга чакырган кыйкырыктарын кошуналары угуп, куткаруучуларды чакырышкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, батирдин, андан соң балкондун эшигин ачышып, үй ээлерин чыгарышкан.