Кытайдын лидери Си Цзиньпин 7-майдан 10-майга чейин Орусияда болот. Бул тууралуу орус басылмалары Кремлдин билдирүүсүнө таянып жазышты.
Маалыматтарга караганда, Си Цзиньпин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ага чакырууну Владимир Путин өзү жолдогон. Мындан тышкары лидерлер өнөктөштүктү жана стратегиялык кызматташууларды өнүктүрүүнү, эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулашмакчы.
Кремль алардын жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюу пландалып жатканын да белгилеген.