Орусиянын лидери Владимир Путин президенттик кызматка келе турган талапкер тууралуу дайыма ойлонорун билдирди. Бул тууралуу ал журналист Павел Зарубинге берген маегинде айтканын орус басылмалары жазышты.
"Ооба, мен бул жөнүндө дайыма ойлоном... Бирок акырында тандоо орус элинен, жарандардан, шайлоочулардан көз каранды", - деген ал.
Путин өлкө жарандарынын ишенимине ээ боло турган бир эмес, бир нече талапкер болушу керектигин кошумчалаган.