Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында "Каркыра" тоо-эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Касымалиев иштин учурдагы абалы, жакынкы келечектеги пландар менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу маселелерди талкуулаган.
"Каркыра" тоо-эс алуу комплексинин курулушу - аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Биз курулушту өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул албетте, бүткүл лыжа кластеринин келечегине инвестиция", - деди ал.
Ошондой эле өкмөт башчы инвесторлорду ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, аталган долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, инвесторлорго максималдуу жардам көрсөтүү зарылдыгын кошумчалаган.