Кечээ, 4-майда Түркиянын башкы оппозициялык партиясы - Республикалык элдик партиясынын лидери Өзгүр Өзелге Стамбул шаарында кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Ататүрк маданият борборунда күрт саясатчысы Сырры Сюрейя Өндер менен коштошуу зыйнатынан тарап баратканда болду. Өзел имараттан чыгып жатканда 66 жаштагы киши аны бетке чаап жиберип, саясатчыны жансакчылары дароо коргоого алган. Ал учур видеого түшүп калган.
Окуядан соң Түркия полициясы кол салган адам кармалганын билдирди. Ал 2004-жылы өзүнүн эки баласын өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, кийин 2020-жылы шарттуу түрдө абактан бошотулган жаран экени айтылат.
Президент Режеп Тайып Эрдоган кол салуудан кийин Өзелге телефон чалып, окуя боюнча толук иликтөө жүргүзүлөрүн убадалаган.
Өзгүр Өзел бул окуяга комментарий берип, "бул кол салууну эч бир саясий партияга, эч бир саясий көз карашка же каршылаштарыбызга байланыштырбайм. Мындан ары да ушундай чечкиндүүлүк менен бирге болобуз", - деди.