3-майда Рио-де-Жанейродо өткөн Леди Гаганын концертинде пландалган теракт алдын алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Бразилиянын полициясына таянып жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, пландаштырылган теракттын уюштуруучулары аны ишке ашыруу үчүн өспүрүмдөрдү тарткан. Алар концерт учурунда адамдар көп топтолгон жерде колго жасалган жардыруучу заттарды жардырышмак. Бирок полиция ишмердүүлүгүнүн аркасында кооптуу абал алдын алынган. Топтун лидери өлкөнүн түштүгүндөгү Рио-Гранде-ду-Су штатында жашынып жүргөн жеринен кармалганы айтылат.
Леди Гаганын Рио-де-Жанейродогу концертине 2 миллиондон ашык адам келгени айтылууда. Концерт бекер болгон.