Сосновкадагы суу каналга 15 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу 5-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 4-майда болгон. Жерине барган милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп, Кара-Балта шаарындагы мектептердин биринде окуган окуучулар класс жетекчиси жана ата-энелери менен бирге эс алууга чыгышканы аныкталган. Өспүрүм каналга түшүп кеткен топту алууга аракет кылып жатып, сууга түшүп кеткен.
Факт каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.