Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында III Элдик Курултайга катышып, айыл чарбасы боюнча делегаттар көтөргөн маселелерди жеринде чечүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жыйынга облус жетекчилиги, министрликтин аймактык бөлүмдөрү, райондук администрациялар, дыйкан-фермерлер жана курултайдын делегаттары катышты.
Иш-чарада төмөнкү негизги маселелер талкууланды:
Жалпысынан Курултайда Ысык-Көл облусу боюнча айыл чарбасына тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Айрыкча БДР жана БСР каналдарын куруу жана оңдоо, таза суу маселелери өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча тапшырмаларынын алкагында айыл чарба тармагында системалуу өзгөрүүлөр жүрүп жатканын баса белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге жеринен тапшырмалар берилип, конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
Мындай жыйындар буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында да өткөрүлгөнү кошумчаланган маалыматта.