Филиппиндик кардинал Трампты жарыялаган сүрөтү үчүн айыптады

Филиппиндик кардинал (католиктик чиркөөдө жогорку наам) Пабло Вирдхилио Дэвид АКШнын президенти Дональд Трампты Рим папасынын образындагы сүрөтүн жарыялаганы үчүн айыптады.

"Бул сүрөттү Трамп өзү Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандан бир нече күн өткөндөн кийин жарыялаган. Бул бүт католик дүйнөсү кайгырып турган убакта болду... Биз анын бул нерсе күлкүлүү эмес экенин билишин каалайбыз", - деген ал Inquirer басылмасына берген маегинде.

Буга чейин Трамп Truth Social социалдык тармагында өзүн Рим папасы катары көрсөткөн сүрөт жарыялаган.

Эске салсак, Католик чиркөөсүн 12 жылдан ашык жетектеген Рим папасы 21-апрелде 88 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-апрелде Ватикандагы Ыйык Пётр аянтында болгон. Ага АКШ лидери да катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан