Жалал-Абадда инспекторлор кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткизишти (видео)

Жалал-Абад шаарында жол кыймылын жөнгө салган инспекторлор кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 4-май күнү кечинде орун алган. Анда инспекторлор авариялык сигнал менен каттуу алдымдыкта келе жаткан Hyundai Getz үлгүсүндөгү унааны токтотушканда айдоочу төрөт үйүнө бара жатканын, жолдо унаа көп болуп, кыйынчылык жаралганын айтып, жардам сураган. Ошол замат кызматкерлер унааны коштоого алышып, төрөт үйүнө жеткиришкен.

Башкармалык көз жарган эненин жана жарык дүйнөгө келген ымыркайдын абалы туруктуу экени кошумчалады.

05.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан