Бүгүн, 5-майда Бишкек шаарынын Лермонтов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик жерине барган өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 15:19да чектөөгө алышканын белгиледи. Өрт болжол менен 500 чарчы метр аймакка жайылган.
Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүрүүдө.