Бишкек шаарындагы мектептер арасында гандбол оюну боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, турнирге шаардын төрт районунан тандалган 16 күчтүү команда катышкан.
Мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
"Мектептер арасындагы гандбол лигасы окуучулардын спорттук чеберчилигин гана өнүктүрбөстөн, достукту, командалык рухту жана сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырды. Турнир достук жана көтөрүңкү маанайда өтүп, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана медалдар менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.