Махачкалада МАИ кызматкерлери менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду (видео)

Дагестандын Махачкала шаарында белгисиз адамдар Кайгуул кызматынын кызматкерлерине кол салышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, атышуудан үч МАИ кызматкери жана кол салгандардын бири курман болгон. Ошондой эле окуя болгон жерден 12 жаштагы кыз да жаракат алган. Кол салуу МАИ кызматкерлери алар келе жаткан унааны токтоткондо орун алган. Тилекке каршы, шектүүлөр качып кетүүгө үлгүргөн.

Дагестантын полициясы үч кызматкери курман болгонун тастыктап, кол салгандарды табуу жана кармоо үчүн "Перехват" планы жарыяланганын билдирген.

05.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан