Бүгүн, 6-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата болчу аскердик параддын башкы машыгуусу өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.
Белгилүү болгондой, машыгууга Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Улуттук гвардиянын жана башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматчылары катышты.
"Ала-Тоо" аянтында сап түзгөн жоокерлер жана заманбап аскердик техникалар майрамдык салтанатка даяр экендигин көрсөтүштү.
Эске сала кетсек, аскердик парад 8-майда өтөт.