
Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, бүгүн, 6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4, Кара-Киндик, Нура айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ билдиргендей, учурда жеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.