
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө дарыясына түшүп кеткен 3 жаштагы кыз изделип жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-майда жалпы 50 адам (15 куткаруучу, ИИМден 21 кызматкер, 10 жергиликтүү тургун) издөө иштерин жүргүзүүдө.
Министрликтен бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдиришти.