Жол милициясынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери автобекеттерде коомдук унаалардын айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин эскертишти.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, алар айдоочуларды жол кирени өз алдынча көтөрүп албоого да чакырышты.
"Бир күн менен жашабайлы" деген инспекторлор айдоочуларды элге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чакырып, ар бир жүргүнчүнүн өмүрү - чоң жоопкерчилик экенин эске салышты.