Чүйдүн Кошой айылы менен Токмок шаарынын ортосундагы жолдо BMW жана Renault үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кабарга караганда, кырсык бүгүн, 6-майда саат 10:00 чамасында болгон. Жол кырсыгынан Renault үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу көз жумганы айтылат.
Ал эми ВМW’нын 69 жаштагы айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, Чүй районунун аймактык ооруканасына жеткирилди.