Индия менен Пакистандын чек арасындагы кырдаал: ТИМ кыргызстандыктарга кайрылды

Тышкы иштер министрлиги Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна байланыштуу жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге барбай турууну сунуштайт.

Министрлик тарабынан аталган өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.

"Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген", - деп жазылат рамсий билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаал же шашылыш жагдайлар пайда болгон учурда, жарандар Кыргызстандын төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тез арада кайрылууга тийиш:

  • Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: (+91) 9599921779;
  • Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: +92 330 3717 771.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан