Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында жүк ташыган Мерседес-Бенц Спринтер автоунаасы менен жүргүнчү ташыган Мерседес-Бенц Спринтер унаалары сүзүштү. Анын кесепетинен 15 адам, анын ичинде 3 жаш бала жаракат алганын 7-майда Бишкек ШИИББи билдирди.
Милиция кабарлагандай, кырсык 5-майда саат 18:30 чамасында болгон. Бардык жабыркагандар аймактык ооруканаларга жаткырылган.
Бул факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам-иликтөө бөлүмүндө катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Ал эми автоунаалар айып аянтчасына киргизилген.