Рамзан Кадыров: "Кызматтан бошотууну суранып келем"

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн кызматтан кетиши боюнча тарап жаткан маалыматтарга жооп берди. Ал бул тууралуу "Чечня сегодня" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

"Мен да мындай ушактарды уктум, ар кандай нерселерди жазып жатышат. Бирок тескерисинче, кызматтан бошотууну мен өзүм суранып келем. Жаңы келген адамдын көз карашы, демилгеси башкача болот. Бул өтүнүчүм колдоо табат деп үмүттөнөм", - деди Кадыров.

Ал буга чейин да бир нече жолу кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген. Саясий карьерасынын аякташы жөнүндө 2016-жылы НТВ телеканалына берген интервьюсунда да айткан. Анда Кадыровдун аймак башчысы катары мөөнөтү аяктаган болчу. Бирок андан кийин бир нече жуманын ичинде Кадыров кызматтан кетүүнү пландабаганын айткан.

2022-жылы болсо Кадыров Кавказдагы макалды мисал келтирип, "Кандай гана урматтуу жана кадырлуу конок болбосун, эгер өз убагында кетсе, анда бул дагы да жагымдуураак болот", - деп өзүнүн кызматтан кетүү убагы келгенин кыйыткан.

"Көрсө, мен улгайып калыптырмын. Мурда жаш, тажрыйбасыз адам болчумун. Азыр да тажрыйбасызмын, бирок жаштык кетти. Биз бул жөнүндө ойлой баштадык. Өз убагында кетүүгө аракет кылабыз", - деген ал.

Эске сала кетсек, Рамзан Кадыров 2007-жылдан бери Чеченстандын башчысы кызматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан