SUPER.KG порталы бул жолу ордолуу Ош шаарынан репортаж даярдады. Анда айтылуу майда манты базарынан көп жылдан бери бул даамды даярдап саткан сатуучуларды кепке тарттык.
"26 жылдан бери майда манты сатып иштейм. Үйдө кыздар, келиндерим мантыны даярдоого жардам беришет. Саат 9га базарга чыгып калабыз.
Бул майда манты Оштун негизги тамактарынын бири десек болот", - дейт сатуучулардын бири.
Ал эми 30 жылдан бери базарда майда манты сатып иштеген Дилабзо айым бул даамды мурун апасы да сатканын айтып өттү.
"Сегиз бир тууган ушул жерде соода кылчубуз. Азыр үчөөбүз калдык. Күнүнө кыздарым 4-5 жолу майда манты алып келип беришет. Өзүм соода кыла берем.
Кудайга шүгүр, ушунун аркасынан эки кызымды турмушка узаттым", - дейт ал.
Репортажды толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.