Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында эртең, 8-майда күн ачык болот.
Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан-чычын күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12.. +17, күндүз +30 ... +35;
Талас жергесинде түнкүсүн +10... +15, күндүз +29... +34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15... +20, күндүз +32... +37;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +8... +13, күндүз +23 ... +28;
Нарын дубанында түнкүсүн +6 ... +11; күндүз +25... +27;
Бишкекте түнкүсүн +15... +17, күндүз +33... +35 градус болот.