Чүйдө жол тескөөчүлөр 8-9 май күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштешет

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 8-9-май күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 7-майда Чүй облустук ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов саптык кароо өткөрдү.

Саптык кароодо жол кыймылын тескөөчүлөрдүн формалары, жанында алып жүрүүчү каражаттары, кызматтык унаалардын техникалык абалы текшерүүгө алынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле 8-9-май күндөрү өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө жана жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү максатында жол кырсыктарын алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүүгө тапшырмалар берилди.

07.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан