Кытай Индия менен Пакистанды сабырдуулукка чакырды

Кытай Индия менен Пакистандын ортосундагы учурдагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

"Кытай Индиянын аскердик операциясын өкүнүч менен кабыл алат. Биз кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануудабыз. Индия менен Пакистан - бири-биринин коңшусу, жана алар Кытайдын да коңшулары болуп эсептелет. Кытай террорчулуктун бардык түрлөрүнө каршы. Биз эки тарапты тынчтык менен туруктуулукту башкы орунга коюп, сабырдуулукка келип, чыңалууну күчөткөн аракеттерден карманууга чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 6-майда Индия "Синдур" аттуу атайын аскердик операциясын баштап, Пакистанга сокку урду. Пакистан армиясы беш индиялык аскердик учакты атып түшүргөнүн жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан