Индия-Пакистан чыры: Эки тараптан канча адам каза болгону айтылды

Индиянын "Синдур" аскердик операциясында Пакистандын 26 жараны каза болуп, 46 киши жаракат алганын "Reuters" агенттиги кабарлады.

Буга чейин Пакистан армиясы 5 индиялык аскердик учакты атып түшүргөнүн жарыялаган.

Индия тарап Пакистандын аткылоосунан 10 жараны каза болуп, 48 адам жаракат алганын билдиргенин BBC кызматы жазды.

Кырдаалдын курчушуна байланыштуу Индиядагы IndiGo, Air India жана башка бир катар авиакомпаниялар түндүк аймактардагы каттамдарын убактылуу токтотконун жарыялашты. Бул коопсуздук максатында кабыл алынган чара катары түшүндүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан