Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте Индия-Пакистан чек арасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген студенттердин ортосунда чыр-чатактын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик бүгүн, 7-майда билдирди.
"Чет элдик студенттерди окутуп жаткан окуу жайлардын администрацияларына чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу, алардын арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды мониторингдөө жана келип чыккан окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылган", -деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 29-апрелде УКМКнын тарабынан Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалга байланыштуу чет элдик студенттер арасында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтылган. Ошондой эле чет элдик студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана жеке жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлгөн.