Бүгүн, 7-майда "Манас" аэропортунда Москвага каттамдар бир нече саатка кармалган соң кайра жанданды. Маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын маалымат кызматы тастыктады.
Буга чейин Бишкек - Москва багытындагы учактардын каттамдары убактылуу кармалгандыгы тууралуу кабар тараган.
Маалыматка ылайык, таңкы рейс - YK883 каттамы Москвадагы Домодедово аэропортуна уча албай калган. Андан улам "Манас" аэропортунда 130 жүргүнчү рейстин ачылышын күткөн.
Белгилей кетсек, бүгүн Москва мэри Сергей Собянин түн ичинде Орусиянын борбору дрондор менен чабуулга кабылганын билдирген.