Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Орусияда иш сапары менен болот. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Москвадагы Жеңиш парадына катышат.
"Алдыдагы иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү мааракелик Жеңиш парадына катышат.
Алдыдагы салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышат», - деп белгиледи Абдумуталип.